Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:44

АКШда ЦРУнун башчылыгына талапкер “дрондорду” колдоду


Бейшембидеги Сенаттын жыйынында Жон Бреннан "дрон" деп аталган учкучсуз учактарды колдонууну терроризм менен күрөшүүдө колдонууну колдоду. Бреннан АКШ дагы да болсо “ал-Каида” жана өнөктөштөрү менен күрөшүү зарыл экенин билдирди. ЦРУ жетекчисине талапкердин айтымында, мындай учактар АКШ жарандарынын өмүрүн сактоонун айласы катары колдонулат.

Талкуунун жүрүшүндө Бреннан Ак үйдүн террорчуларды табуу жана жок кылуу боюнча жашыруун программасына байланыштуу сенаторлордун суроолоруна жооп берди.

Бреннан Сенатта сүйлөп жатканда, анын дайындалышына каршы чыккан жарандар нааразылыгын билдиришти. Алар Бреннандын талапкерлигине пилотсуз учактар программасын даярдоодогу ролун, мурда террорчу деп шектелгендерди катаал жол менен суракка алууну жана аларды жашыруун жайларда кармоону жактаганы үчүн каршы чыгышууда. Активисттердин каршылыгынан Бреннан бир нече жолу сөзүн бөлүүгө аргасыз болду. Мындан улам Сенаттын комитетинин төрайымы жыйынды токтотуп, катышып жаткандарды сыртка чыгаруу чечимин кабыл алды.

Терроризм менен күрөшүү боюнча АКШ президенттинин кеңешчиси Жон Бреннанды Барак Обама экинчи мөөнөткө шайланган соң ЦРУ башчылыгына талапкер катары көрсөткөн.
XS
SM
MD
LG