Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:46

"Семетей" айтуучулардын видеосу чыкты


"Манас" эпосунун экинчи бөлүгү - "Семетейдин" видеосу чыкты. "Айгине" маданий изилдөө борборунун демилгеси менен 11 манасчы кооз жаратылыш фонунда "Семетейден" 50дөй эпизод айтып видеого түшүрүлдү. Жалпысынан 26 саттык видео үч дискке жаздырылып, өзүнчө альбом түрүндө 1000 нускада чыкты. "Айгинеден" "Азаттыкка" бүгүн кабарлашкандай, бул альбомдор республиканын бардык аймактарындагы мектеп жана жогорку окуу жайларга бекер таратылат.

Буга чейин "Манас" айткандар да видеого тартылып, мектептерге бекер таратылган болчу. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG