Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:59

Украиналыктар Кыргызстандагы туризм жөнүндө маалымат алды


Украинанын борбору Киев шаарында Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрүнүн презентациясы өттү. Иш-чараны Украинадагы кыргыз элчилиги уюштурду. Ысык-Көл, Сары-Челек, Соң-Көлдө эс алуунун артыкчылыгы, Хан-Теңири, Ленин, Жеңиш чокуларына чыгуу мүмкүнчүлүгү тууралуу кеңири маалымат берилип, Кыргызстан тууралуу видеотасма көрсөтүлдү.

Адистердин айтымында, соңку эки жылда Кыргызстанга келип кеткен чет элдик туристтердин саны көбөйүүдө. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG