Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:17

Бишкек: 14 селсаяктан кургак учук чыкты


Селсаяктар медициналык текшерүүдөн өтүп жатышат. 2013-жылдын 8-февралы.

Селсаяктар медициналык текшерүүдөн өтүп жатышат. 2013-жылдын 8-февралы.

Бүгүн Бишкектин Ленин районунда күн кечирген селсаяктарды медициналык кароодон өткөрүп, каттоого алган БОМЖ аталыштагы атайын рейд жүрдү. Шаар бийлиги жана Социалдык өнүктүрүү министрлиги биргелешип уюштурган бул иш-чарада жүздөн ашуун селсаяк текшерүүдөн өтүп, алардын он төртү ачык түрдөгү кургак учук менен ооруй турганы аныкталды. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынын Ленин райондук аймактык тескөөчүсу Руслан Алаев “Азаттыкка” билдирди. Алаев соңку учурда Бишкекте селсаяктардын саны кескин көбөйгөнүн кошумчалады.

Бүгүн оорусу аныкталган селсаяктар үчүн мончо уюштурулуп, андан соң аларды ооруканага жаткырмай болушту. JAk

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG