Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:13

Иракта бомба чабуулдары 26 адамдын өмүрүн алды


Бүгүн Ирактын ортолук бөлүгүндө бомба чабуулдарынан кеминде 26 киши өлдү. Коопсуздук кызматынын жана дарыгерлердин билдиришинче, Багдаддын көбүн эсе шииттер жашаган Кадимия районундагы канаттуулар базарындагы удаа-удаа жардыруудан 13 киши өлүп, 30 адам жараат алды. Багдаддын түштүгүндөгү шиит калктуу Бабил провинциясындагы Хилла шаарынын жашылча базарында эки машине жарылып, 13 кишини алып кетти.

Акыркы жумаларда шиит мусулмандары элинин көбүн түзгөн Иракта машинеге бомба коюп жардыруу жана жанкечтилердин чабуулу дембе-дем болууда. Чабуул саясий кризис менен коштолууда. Сунни калктуу аймактар шиит премьер-министр Нури Маликинин бийликтен кетүүсүн талап кылышууда.

XS
SM
MD
LG