Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:12

Кыргызстанда газга чектөө киргизилиши мүмкүн


Кыргызстан 12-февралга чейин Казакстанга газ үчүн карызын төлөбөсө, ал чектелип бериле баштайт. Бул тууралуу кечээ “Кыргызгаз” ачык акционердик коомунун директордун орун басары Куралбек Наскеев ишкананын жыйынында билдирди. Наскеевдин айтымында, 6-февралда Казакстандын “Казтрансгаз” ишканасынан ушундай эскертүү каты келген. Маалыматка ылайык, карыздын көпчүлүгүн газ үчүн өз убагында төлөбөгөн мамлекеттик мекемелер түзөт.

Учурда “Кыргызгаз” Өзбекстандын “Узтрансгаз” ишканасына 490 миңдей, “Казтрансгазга” 5 жарым миллион доллар карыз. (AKu)

XS
SM
MD
LG