Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:31

Зилзаладан жабыр тарткандардан 196 арыз түштү


Ысык-Көл облусундагы жер титирөөдөн кийин жарандык коргоо комиссиясына 196 арыз түштү. Түп району боюнча 43 турак жай авариялык абалда болсо, 55и капиталдык оңдоп түзөөнү талап кылат. 3 мектептин имараты, медициналык тейлөө жайы оңдоого муктаж. Бир китепкана, байланыш түйүнүнүн имараты жана медициналык жай авариялык абалда.

Жер-жерлерде текшерүү иштери уланып жатат. Ысык-Көлдүн башка райондорунда да жабыркаган турак жайлар кездешет. 28-январда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө Түптөн 119 чакырым ыраакта катталган. (AKu)

XS
SM
MD
LG