Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:03

Ош шаарында Алишер Навоини эскеришти


Бүгүн Ош шаарында өзбек акыны Алишер Навоинин 572 жылдыгы белгиленди. Эскерүү иш-чарасы калаадагы Навои эс алуу багында өттү.

Иш-чаранын алкагында Навоинин өмүр-таржымалы тууралуу талкуу болуп, акындын казалдары окулду.

Алишер Навои 1441-жылдын 9-февралында Ооганстандын Хират шаарында жашаган өзбек үй-бүлөсүндө туулганы айтылат. Чыныгы ысымы - Низомиддин Мир Алишер. Азыркы Иран, Тажикстан, Ооганстан, Өзбекстан жана Түркмөнстанда жайгашкан Хорасан тарыхый аймактагы белгилүү акын, суфизм багытындагы философ, мамлекеттик ишмер болгон. Ал фарс жана чагатай тилдеринде ар багытта ыр жазган жана өзүнөн кийин тарыхый китептерди калтырган.

Өзүн эч бир улуттан эмес, Борбор Азиядагы түрк элдеринин өкүлү деп санагандыгы жана түрк тилин Хорасанда мамлекеттик тил кылууга аракет кылганы менен белгилүү. Акындын эмгектеринин ичинен беш дастанды камтыган «Хамса» чыгармасы эң таанымал болуп эсептелет.

Ошто акындын айкели, анын наамында сейил багы жана көчө бар. (SE/AKu)

XS
SM
MD
LG