Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:59

Чек арада аткезчилер кармалды


Кечээ Баткен облусунун Лейлек районундагы кыргыз-тажик чек арасында эки жүк ташуучу машине мыйзамсыз ташылып бараткан товары менен кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматынан билдиришти. Цемент жүктөгөн машинелер мыйзамсыз жол менен Тажикстанга бараткан. Кабарларга караганда, эки өлкөнүн жарандары кыргызстандыктардын унаасынан тажикстандыктардын машинесине цемент жүктөп жатышкан жеринен кармалышты. Цементтин көлөмү 25 тоннаны түзөт.

Кыргызстандын чек арачылары кармалгандарды жана жүктү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Лейлек райондук бөлүмүнө өткөрүп беришти. (AKu)

XS
SM
MD
LG