Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:18

Индияда козголоңчу дарга асылгандан кийин Кашмирде тополоң чыкты


Региондун Индия башкарган аймагында коменданттык саат киргизилгенине карабай, жүздөгөн эл нааразылыкка чыгып, коопсуздук күчтөрү менен кагылыша кетти. Полиция жаалданган демонстранттарды көздөн жаш чыгарчу газ менен таркатканы айтылууда.

Кашмирдеги тополоң Индияда 2001-жылкы окуя үчүн айыпталган киши кечээ дарга асылгандан кийин башталган. Кашмирлик козголоңчу Мухаммад Афзал Гуру 2001-жылы Индиянын парламентине чабуулду уюштурган деп табылган. Ал окуяда коопсуздук күчтөрүнүн алты кызматкери жана бир багбан набыт болгон эле. Бир жылдан кийин аны өлүм жазасына өкүм кылышкан.

Индиянын президенти ага ырайым көрсөтүү өтүнүчүн ушул аптанын башында четке каккан болчу. Гуру өзү ага тагылган бардык айыпты четке кагып келди. Адам укугун коргоочу уюмдар аны соттоо процесси акыйкат өтпөгөнүн билдиришкен.

XS
SM
MD
LG