Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:56

Энергетика тармагындагы уурдоолорду министрлик өзү текшерет


Бул тууралуу “Азаттыкка” энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Райымбек Мамыров билдирди.

Анын айтымында, ири коррупциялык схемага жол ачкан мыйзамдар да текшериле баштады. Мындай чара Улуттук электр тармактарынан электр энергиясын элге тараткан “Түндүкэлектр” ишканасында ири коррупциялык схема ашкереленгенден кийин көрүлүүдө.

Ушул аптада Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин коррупциялык иштерди ачуу иш-чарасы учурунда “Түндүкэлектр” ири өлчөмдө ток уурдаганы белгилүү болду. Ишкана абоненттердин электрондук базасына жок кардарларды киргизип, аларга берилген делген электр энергиясын карыз катары соттун чечими менен жоюп келген. Бир эле Сокулук районунда 2011-жылдын январ-феврал айларында гана 3 миллион киловатт саат электр энергиясы уурдалган.

Министрлик бул окуяны да тыкыр иликтей турганын билдирүүдө. (EBM/AKu)

XS
SM
MD
LG