Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:20

Грузия: Америкалык элчи демонстранттарды сабырдуулукка чакырды


Улуттук китепкананын маңдайында митингчилер депутаттарга чабуул коюшууда, 8-февраль, 2013
Улуттук китепкананын маңдайында митингчилер депутаттарга чабуул коюшууда, 8-февраль, 2013
АКШнын Грузиядагы элчиси Ричард Норланд кечээ кечинде Тбилисидеги элди тынчтанууга үндөдү. Анын алдынан митингге чыккандар Улуттук китепкананын маңдайында президент Михаил Саакашвилинин "Бириккен улуттук кыймыл" партиясынын өкүлдөрүнө чабуул жасашкан.

Президент кечээ парламентте кайрылуу жасамак, бирок премьер-министр Бидзина Иванишвилинин коалициясы Саакашвилиден “оболу бийликтен кетээрин жарыяласын” деп талап кылып туруп алды. Андан кийин Саакашвили китепканада сүйлөйт деп айтылды. Бирок соңку окуядан кийин ал жакка да президент келбей калган.

Акыр аягында Саакашвили кайрылууну өзүнүн президенттик резиденциясынан эле жасап, Иванишвилинин башкаруучу коалициясын кызматташууга чакырды. Кайрылуусунда ал парламентти таркатуу тууралуу ага түшүп жаткан сунуштарды четке кагаарын билдирди. Саакашвилинин президенттик мөөнөтү быйыл октябрда аяктайт.

XS
SM
MD
LG