Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:42

Ошто өзбек ырчыларынын концерти өтүүдө


Ошто 2010-жылдагы июнь окуяларынан соң алгач ирет жергиликтүү өзбек ырчыларынынын концерти өтүп жатат. Концертти “Ынтымак” телерадио компаниясы менен ИИМдин 10-башкармалыгынын түштүк бөлүмү уюштурган. Ушул тапта Бабур атындагы өзбек драма театрында өтүп жаткан концертте ондон ашык өзбек ырчылары Оштун тургундарына өз өнөрлөрүн тартуулап жатышат.

2010-жылдагы июнь окуясынан кийин маданий турмуш акырындап калыбына келип, азыр ар кыл маданий иш-чаралар байма-бай өтө баштады. Кечээ өзбек акыны Алишер Новаинин 572 жылдыгы белгиленген. Эмки жумада акын жана ойчул Захреддин Бабурдун 530 жылдыгын белгилөөгө дарярдыктар жүрүп жатат.(SE\BkA)

XS
SM
MD
LG