Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:34

Азия өлкөлөрүндө бүгүн Жаңы жыл белгиленип жатат


Бүгүн Азиянын бир катар мамлекеттеринде Ай жылнаамасы боюнча белгиленип жаткан майрамды дүйнөдө көбүнчө Кытай жаңы жылы деп коюшат. Анткени аны ушул күнү белгилөө Азияга жана дүйнөгө Кытайдан тараган.

Жылан жылынын келишине арналган салтанаттуу майрамдык иш-чаралар бир топ ири сахналарда, аянттарда болду. Бирок бээжиндиктер үчүн быйыл Жаңы жылды белгилөө адаттагы укмуштуудай фейерверк менен коштолгон жок. Анткени Бээжинде абанын өтө булганып кеткени бийликтер тарабынан да, жергиликтүү эл тарабынан да тынчсызданууну жаратууда. Мындан улам асманга атылчу түрдүү фейерверктер саны кескин кысартылганы айтылды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG