Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:33

Армения: президенттик шайлоо артка жылышы мүмкүн


31-январда өз үйүнүн жанынан ок жеген президенттикке талапкер Паруйр Айрикян Армениядагы 18-февралга мерчемделген шайлоонун мөөнөтүн эки аптага артка жылдырууну суранып, Конституциялык сотко кайрылды. Өлкөнүн мыйзамдарына ылайык, күтүлбөгөн кырсыкка туш болгон талапкердин шайлоо мөөнөтүн жылдыруу үчүн сотко кайрылууга укугу бар. Буга чейин Айрикян добуш берүүнү артка жылышына кызыкдар эместигин билдирип келген. Бирок өз партиясынын сайтында кечээ жарыялаган маалыматта айтылгандай, акыркы күндөрү ал ден соолугуна байланыштуу бир нече жолугушууларга барбай калган. Эми өлкөнүн Конституциялык соту төрт күн ичинде талапкердин арызы боюнча өз чечимин чыгарышы керек.

63 жаштагы Паруйр Айрикян кол салууда ийинине ок жеген. Бул кол салууга шектүү катары эки адам кармалды, бирок алар эмне максат менен саясатчыга кол салганы белгилүү боло элек. Айрикян Арменияда “Улуттук өзүн-өзү аныктоо” деген саясий партияны жетектейт. Ал шайлоодо жеңип чыгары күтүлүп жаткан учурда президент Серж Саркисянга олуттуу атаандашы катары деле саналбайт.

XS
SM
MD
LG