Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:23

Сүт азыктары боюнча комиссия корутундусу келе элек


Ветеринардык департаментинин башкы деректири Жаныбек Султанов эл аралык комиссия корутундусун ушул айдын аягына чейин жибериши ыктымал экенин “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, учурда сүйлөшүү уланууда.

Буга чейин айыл чарба жана мелиорация министри Чыңгызбек Узакбаев Кыргызстанга Бажы биримдигине мүчө мамлекеттердин өкүлдөрүнөн турган комиссия келип, жергиликтүү сүт азыктарын өндүргөн жеригиликтүү заводдорду текшергенин маалымдаган. Анда ар бир ишканада бирден ветеринардык дарыгердин болушу жана сүттөн жеринен анализ алуу тууралуу сунуш айтылган. Алдын ала сүйлөшүү боюнча, комиссия корутундусун ушул айдын башында жөнөтмөк. Эгер анда кыргыз тарапка олуттуу доомат болбосо Казакстан Кыргызстандан кайра сүт азыктарын ала баштамакчы.

Казакстан Кыргызстандан өткөн жылы октябрь айынан тарта сүт алууну токтоткон. Анда кыргыз тарапка малдын башын идентификациялоо талабы айтылган. Негизенен Казакстанга 10 ишкана күнүнө баасы 5 миллион сомдук 120 тоннадай сүт, каймак-быштак экспорттоп келген эле. (EBM)

XS
SM
MD
LG