Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:56

Чарбак чатагы боюнча тергөө аяктай элек


Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Баткен облустук прокурорунун орун басары Авазбек Бакыбеков маалымдады. Ага ылайык, тергөөнүн жүрүшүндө жаңжалга тиешеси бар делген өзбек жарандарынын аты-жөнү такталып Өзбекстанга берилген. Азырынча жооп келе элек.

Бакыбеков кылмышка шектелгендерди өткөрүп берүү боюнча Минск келишимине ылайык иш жүргүзүлүп жатканын, талкаланган 12 автоунаанын чыгымы толугу менен өндүрүлгөнүн белгиледи. Бирок талкаланган электр мамылары, суу куурлары үчүн 387 миң сом төлөнө элек.

Өткөн айдын башында Баткендин Чарбак айылынын тургундары менен Өзбекстандын Сох анклавындагы Хушяр айылынын жашоочуларынын ортосунда чыр чыккан. Хушаярлыктар кыргыз айылына кирип келип, 30 адамды барымтага алып, бир канча унааларды талкалаган. Кийинчерээк өзбек тарап келтирилген чыгымды төлөп берүүгө макул болгон. Анклавдын айланасындагы жолдор убактылуу жабылып, 1-февралда ачылган. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG