Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:37

Аба ырайы: шашылыш эскертүү


Кыргызстанда 11-февралдагы жааган жаан-чачындан улам тоолуу райондордо, Бишкек – Ош (121-137 жана 198-265-чакырым), Каракол – Эңилчек (45-90-чакырым), Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу (45-90, 145-150-чакырым), Ала-Бука – Каныш-Кыя (62-100-чакырым) тоо жолдорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн, тайгак жана тоңголок болот. Мындай жолдордо айдоочулар 500 метр аралыкты так сактоосу зарыл.

Кыргызстанда 12-февралда жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын кээ бир жерлерин туман каптайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -8... -13, күндүз -1... +4 градус, Талас облусунда түнкүсүн -10… -15, күндүз -3…+2 градус, Баткен облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +1…+6 градус, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0... -5, күндүз +2 ...+7 градус, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -11... -16, күндүз -2... +3 градус, Нарын облусунда түнкүсүн -15... -20, күндүз -3... -8 градус болот.

Бишкекте 12-февралда жаан-чачын болбойт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -9…-11 градус, күндүз +1…+3 градус болот. (EBM)

XS
SM
MD
LG