Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:37

Орусия бүгүндөн тарта АКШдан эт сатып алууну токтотту


Ай башында Орусиянын ветеринардык кызматы бул чара уй, чочко жана күрп этинде рактопамин болбосун деген талап аткарылбаганы үчүн кабыл алынганын билдирген. Рактопамин кара мал менен чочкого булчуңун тез өстүрүү үчүн жемге кошулуп берилет. Орусиянын башкы санитардык врачы Геннадий Онищенконун айтышынча, Вашингтон курамында рактопамин бар эт азыктарына тыйуу салар менен Америкадан эт сатып алуу кайра улантылат. БУУнун Азык-түлүк агенттиги азык-түлүккө киргизген стандартта аз өлчөмдөгү рактопамин адамдын ден соолугуна зыян тийгизбейт деп көрсөтүлөт. Бирок кээ бир өлкөлөр, анын ичинде Кытай рактопаминди малдын жемине кошууга тыйуу салган.
XS
SM
MD
LG