Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:21

Гянжада Акрам Айлислинин китептери өрттөлдү


Азербайжандын Гянжа шаарында көрүнүктүү жазуучу Акрам Айлислинин китептери өрттөлдү. Жекшемби күнү жаалданган адамдар Айлислини былтыр Орусияда басылган “Таш уйку” ("Каменные сны") деген романы үчүн “чыккынчы” деп аташты. Романда Азербайжан-Армения ортосундагы осол мамиленин себептери, 1990-жылдын башында өзүн Азербайжандан күнкорсуз деп жарыялаган Тоолуу Карабахтагы согуш кездеги кандуу окуялар сүрөттөлөт.

Ишемби күнү Азербайжан жазуучулар союзу Акрам Айлислини “Эл жазуучусу” наамына татыктуу эмес деп, наамдан ажыратып койгон. Ишемби күнү Айлислинин бир тууган кыштагы – Айлисте жүздөгөн адамдар чогулуп, жазуучуну жана “Таш уйку” романын жектешти.

XS
SM
MD
LG