Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:24

Ош жана Бишкектин макамы боюнча коомдук угуу болот


Коомдук угуу Жогорку Кеңештин каржы жана бюджет комитетинин демилгеси менен уюштурулууда. Парламент кароосундагы “Ош жана Бишкек шаарларынын макамы” жөнүндөгү мыйзам долбоорун жакшыртуу максатын көздөгөн бул талкууга депутаттар, жарандык коом өкүлдөрү жана тиешелүү адистер чакырылган. Аталган мыйзам долбооруна ылайык, буга чейин өлкөнүн ири шаарларынын мэриясынын, шаардык кеңешинин иши "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзам менен аныкталып келсе, эми өзүнчө мыйзамдын негизинде башкарылат. Демилгечилеринин айтымында, долбоор мамлекеттик маанидеги ири шаарлардагы башкарууну жакшыртууга, ыйгарым укуктарды күчтөндүрүүгө багытталган.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG