Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:32

Иранда оппозиционерлердин камалган балдары бошотулду


Иран бийликтери оппозициянын көрүнүктүү өкүлдөрү Мир Хусейн Мусавинин эки кызын жана Мехди Каррубинин уулун камактан бошотту. Мусавинин Париждеги өкүлүнүн кабарлашынча, Наргиз жана Захра Мусавинин үйлөрүндө кечээ эртең менен тинтүү жүрүп, андан соң алар камакка алынган. Ошондой эле Мехди Каррубинин уулу камалган. Ирандагы маалымат каражаттары оппозициячыл саясатчылардын балдары “айрым суроолорго жооп берүү” үчүн суракка чакырылганын жазып чыгышты.

Ирандын мурдагы премьер-министри Мир Хусейн Мусави жана Иран парламентинин мурдагы төрагасы Мехди Карруби 2009-жылкы шайлоодо президенттикке талапкер болушкан. Эки саясатчы өз тарапкерлерин 2011-жылкы Тунисте жана Египеттеги элдик чыгууларды колдогон көчө жүрүштөрүн өткөрүүгө чакыргандан кийин үй камагына алынып, али бошотула элек.

XS
SM
MD
LG