Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:59

АКШ Орусиядан этке салынган тыюуну алып салууну талап кылды


Кошмо Штаттар Орусиядан ушул дүйшөмбүдөн тарта күчүнө кирген АКШдан ташылып келген этти сатып алууга тыюуну тезинен алып салууга чакырды. АКШнын соода өкүлү Рон Кирк менен айыл чарба министри Том Вилсактын билдирүүсүндө Орусия Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун алдындагы милдеттемелерин аткарышы керектеги айтылат.

Орусия ушул дүйшөмбүдөн баштап АКШдан ташылып келген этке рактопамин деп аталган зат кошулганы үчүн сатып алууга тыюу киргизген. Рактопамин - бул малды тезирээк семиртүү үчүн колдонулган кошулма. Мындай затты колдонууга бир катар өлкөлөр тыюу салган. Бирок БУУнун алдындагы Тамак-аш стандарты боюнча агенттик бул кошулма аз өлчөмдө колдонулса, адамдын ден соолугу үчүн эч зыяны жок деген тыянак чыгарган.
XS
SM
MD
LG