Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:46

Барактыктар Достук өткөрмө бекети менен каттоого нааразы


Бул тууралуу Өзбекстандын аймагындагы Кыргызстандын Барак эксклавынын тургуну Алмаз Каримов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, кыргыз-өзбек чек арасындагы Достук өткөрмө бекети Барактан 50 чакырым алыс турат жана аны менен каттоо үчүн үч өзбек районун аралап өтүүгө туура келет. Ошондой эле бул жол опурталдуу болуп эсептелет. Мурда барактыктар Кыргызстанга Бирлешкен чек ара бекети аркылуу катташчу. Бекет январь айынын башында Баткендеги Чарбак жаңжалынан кийин жабылган эле. (EBM)

XS
SM
MD
LG