Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:58

Бакир уулу: жуманы дем алыш деп мыйзамдаштыруу керек


Дем алышты жума күнгө жылдыруу боюнча мыйзам долбоору даярдалганын Жогорку Кеңештеги “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Турсунбай Бакир уулу маалымдады. Ал бул демилгесине “дээрлик бардык мусулман өлкөлөр жума күнү эс алышат” деген жүйө келтирди. Депутат мындай долбоорду 17 жыл мурда да көтөрүп, бирок колдоо таппаганын кошумчалады.

Дүйнөдө мусулмандар басымдуулук кылган 50дөн ашык өлкөнүн 18инде гана, анын ичинде шариат мыйзамдары менен жашаган Сауд Аравияда, Ооганстан менен Йеменде жума күн расмий деп алыш деп саналат. Экономикасы өнүккөн Индонезия, Малайзия, Түркияда, ошондой эле Пакистан менен Тунис өңдөнгөн мусулман өлкөлөрүнүн көбү, дүйнөнүн басымдуу бөлүгүндөй эле, ишемби, жекшемби күндөрү эс алышат.

Экономикалык зарылчылыктан улам чабал мамлекеттердин ишкерлери дүйшөмбүдөн жума күнгө чейин иштегенди туура көрүшөт. Бакир уулу Кыргызстанда шариат мыйзамдарын киргизүүнү колдогон депутат катары таанымал.

XS
SM
MD
LG