Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:11

Жогорку Кеңеш: Талоончулук талкуусу уланат


Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары апрел окуяларындагы талап-тоноочулук боюнча депутаттык комиссиянын корутундусун кароону улантат. Өткөн бейшембиде парламент жыйында депутаттар бул боюнча чечим кабыл алууга жетишпей калышкан.

Былтыр август айында Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалып турган Абдулла Юсупов аттуу жаран апрел окуялары учурунда талап-тоноочулукка “Ата-Мекен” фракциясынын мүчөлөрүнүн катышы бар деп айыптап чыккан. Андан соң “Республика” фракциясынын демилгеси менен муну иликтөө үчүн атайын депутаттык комиссия түзүлгөн. Алты айга жакын иш алып барган комиссиянын 10 мүчөсү эки башка тыянакты сунушташты.

Комиссиянын төрагасы Курманбек Осмонов баш болгон 5 депутат даярдаган тыянакка ылайык, талоончулукка “Ата-Мекен” фракциясынын депутаттары Өмүрбек Текебаев менен Болот Шердин кыйыр түрдө, ал эми Туратбек Мадылбеков менен Райкан Төлөгөновдун түздөн-түз түрдө тиешеси бар экени айтылат. Ал эми комиссиянын калган 5 мүчөсү мындай тыянакка макул болгон эмес. “Ата-Мекен” фракциясынын мүчөлөрү комиссиянын бул тыянагы негизсиз, Юсуповдун айткандары жалган жалаа деп билдирүүдө.

Ошондой эле бүгүн парламент имаратынын алдында “Ата-Мекендин” жактоочулары комиссия корутундусуна нааразылык билдирип, митинг өткөргөнү жатат.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG