Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:55

"Супер-инфо" гезитинин кабарчыларынын үстүнөн сот башталат


Кабарчылардын иши Бишкектин Свердлов райондук сотунда каралаарын аталган гезиттин редакторунун орун басары Элвира Караева кабарлады. Сот “Супер-Инфо” гезитинин кабарчылары Бахияна Сатылганова, Максат Орузунбетов жана спортчу Жанат Муратов үстүнөн болгону жатат. Алар өткөн жылдын ноябрында Коомдук каналдын алып баруучусу Назира Айтбекованы тамашага салабыз деп жатып, адам уурдоо, бейбаштык деген кылмыштарга жол берген деп айыпталып жатат. Айыпталуучулар мындай кылмыш жасалганын моюнуна албай, Назира Айтбекованы гезит үчүн тамашага салуу гана аракети болгонун билдирип келишет. Бирок Айтбекова журналисттердин аракетин өзүнө каршы атайын уюштурулган иш катары баалоодо.(BkA)

XS
SM
MD
LG