Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:07

Кыргызстан менен Германиянын кызматташтыгы талкууланат


Бүгүн Бишкекте кыргыз-немис кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча эксперттик топтун жыйыны өтөт. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, жыйында Германиянын тышкы иштер министрлигинин Чыгыш Европа, Кавказ жана Борбор Азия боюнча ыйгарым өкүлү Антье Леендертсе башында турган немис өкүлдөрү жана биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев баштаган кыргызстандык эксперттер эки өлкөнүн кызматташтыгынын мындан кийинки келечегин талкуулашат.

Өткөн жылдын декабрь айында Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин Германияга сапарында онго жакын эки тараптуу документке кол коюлган. Алардын арасында саламаттыкты сактоо тармагына жана техникалык кызматташтык боюнча жардамдар берилээри дайын болгон. Мына ушул жардамды ишке ашыруунун жол-жобосу эксперттик топтун ишинин жыйынтыгында талкууланат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG