Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:14

БУУ Түндүк Кореянын өзөктүк сыноолорун кескин сынга алды


БУУнун Коопсуздук кеңеши Түндүк Кореянын үчүнчү өзөктүк сыноолорун кескин сындады. Коопсуздук Кеңеш шейшембидеги жыйынында аталган кеңешке ушул айда төрагалык кылып жаткан Түштүк Кореянын тышкы иштер министри Ким Сон Хван Пхеньяндын өзөктүк сыноолору БУУнун резолюцияларына каршы келээрин билдирип, тиешелүү чаралар көрүлөөрүн эскертти.

Сынакты АКШ, Орусия, Жапония жана БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун айыптап, аны токтотууга чакырды.

Ага чейин Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши Түндүк Кореяга каршы ядролук курал жасоону токтотууну талап кылган чараларды киргизген. Ал эми ошол эле күнү үчүнчү өзөктүк тажрыйбаларды ийгиликтүү өткөргөнүн жар салган Пхеньян эгер АКШ баштаган Батыш өлкөлөрү кастарын тиккенди токтотпосо, катаал жооп кайтарарын эскерткен.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG