Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:30

Бишкекте ИИМди реформалоо маселеси талкууланды


Бүгүн премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев “Реформа жана жыйынтык үчүн” деп аталган жарандык кошуундун өкүлдөрү менен жолукту. Анда Ички иштер министрлигин реформалоо маселеси талкууланып, кошумча долбоор сунушталды. Сатыбалдиев реформа боюнча жарандык коомдун сунушу эске алынарын айтты.

Мындан башка мекемелер аралык комиссия менен ИИМ да реформа боюнча өз-өзүнчө долбоор даярдаган. Анда ИИМдин академиясын жоюп, анын ордуна жогорку билим бербеген, кадрларды кайра даярдаган Полиция академиясын жана бир топ кызматтарды, департаменттерди түзүү каралган. Ошондой эле ички аскерлер да жоюлат, ИИМ полиция болуп түзүлүп, структурасы өзгөрөт.

2010-жылы бийликке келген жаңы өкмөт күч органдарын реформалоону максат кылган. Мурунку премьер Өмүрбек Бабанов тартип коргоо органдарын тазалоону МАИ кызматкерлеринен баштайм деп сөз берип, бирок аягына чыкпай калган эле. (EBM)

XS
SM
MD
LG