Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:51

Ирак 22 жылдык тыныгуудан соң Кувейтке авиакаттам ачууда


Ирактын мамлекеттик авиа компаниясы Саддам Хусейндин режими коңшулаш Кувейтке кол салгандан бери алгачкы жолу коммерциялык каттамын жандандырмакчы. Кувейттин жарандык авиация органынын башчысы Фаваз ал-Фарах кабарлагандай, алгачкы учак ушул ишембиде конот. Ошондон тарта аптасына төрт ирет Багдад-Кувейт каттамы иштей башташы керек.

Мындан сырткары, эки каттам шийилердин түштүктөгү ыйык шаары саналган Нажаф аркылуу учурулат, дагы бири Ирактын Күртстан регионундагы Арбил шаары аркылуу өтөт.

Авиа каттамды жандандыруу иши согуштагы жоготууларды кайтаруунун алкагында болуп жатат. Ирак Кувейтке 1990-жылдагы согуш учурунда улуттук аба каттамына келтирген зыян үчүн 500 млн. доллар компенсация төлөп бергенге макул болгон. Эки өлкө ортосунда согуштагы жоготуулар үчүн компенсациянын дагы көп түрү боюнча талаш азырынча чечиле элек.

XS
SM
MD
LG