Мамлекеттик думада бул долбоор кечээ акыркы, үчүнчү окулушунда толугу менен жактырылды. Эми аны парламенттин Жогорку палатасы жактырып, президент кол койсо, мыйзам күчүнө кирет.
Документке ылайык, быйыл 1-июндан тарта өлкөдөгү кафе-ресторандарда, университеттерде жана башка коомдук жайларда тамеки тартканга тыюу салынат. Тамеки өндүрүшчүлөрү үчүн салык да көбөйтүлөт, чылымдын ар бир кутусуна баа да жогорулайт, тамекинин ар бир кутусунун минималдык баасы бир доллардан кем болбойт. Андан сырткары, тамекини рекламалоого салынган тыюу да күчүнө кирет.
Орусия дүйнөдө калкы эң көп тамеки тарткан өлкөлөрдүн катарында, азыр орусиялыктардын 44% же үчтөн бири чылым чегет.