Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:22

ЖК талоончулук боюнча корутундулардын баарын кайра тергөөгө жөнөттү


Бүгүн Жогорку Кеңеш апрель окуяларынан кийинки талап-тоноочулук боюнча депутаттык комиссиянын корутундусун талкуулап, токтом кабыл алды. Ага ылайык, “Ата-Журт” фракциясынан депутат Курманбек Осмонов башында турган комиссиянын кортундусу жана бул жыйынтыкка макул болбой, өзүнчө пикир билдирген депуттардын билдирүүлөрү кайра тергөөгө жөнөтүлөт. Үч айдан кийин Башкы прокуратура баштаган тартип коргоо органдары тергөө боюнча отчет берет. Муну көзөмөлдөө парламенттеги Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, адам укуктары жана Мыйзамдуулук, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү комитеттерине тапшырылды.

Бирок добуш берүүгө келгенде оппозициядагы “Ата-Журт” фракциясы толугу менен, “Республика” фракциясынын айрым депутаттары бойкот жарыялап, жыйындан чыгып кетти.

Депутаттык комиссиянын төрагасы Курманбек Осмонов иликтеп-териштирүүнүн жүрүшүндө талоончулукка “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Өмүрбек Текебаев менен Болот Шердин кыйыр түрдө тиешеси бар экени, ал эми Туратбек Мадылбеков менен Райкан Төлөгөновдун түздөн-түз тиешеси бар экени аныкталганын маалымдаган. “Атамекенчи” депутаттар бул бүтүмдү негизсиз деп сындаган болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG