Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:10

Иран уран байытыш үчүн жаңы центрифугаларды орнотууда


Ирандын Атомдук энергетика уюмунун башчысы Ферейдин Аббаси-Давани бүгүн билдиргенине караганда, “Натанз” комплексинде жаңы центрифугаларды орноштуруу иши өткөн айда башталган. Ага шилтеме менен жергиликтүү маалымат каражаттары билдиришкендей, ал жерде жаңы центрифугалар уранды төмөнкү деңгээлде байытыш үчүн гана колдонулат. Айрым байкоочулар бул жаңы орнотулуп жаткан машинелер Иранга уранды байытууну мурдагыдан да тезирээк өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берет дешет. Ал арада бүгүн Тегеранда МАГАТЭнин өкүлдөрү иран бийликтери менен өлкөнүн ядролук программасы боюнча сүйлөшүп жатышат.

XS
SM
MD
LG