Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:07

Барак эксклавына жол ачуу боюнча сүйлөшүү жүрүүдө


Кара-Суудагы “Акташ” бекетин ачуу үчүн Өзбекстан менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын "Азаттыкка" Чек ара кызматынын маалымат катчысы Гүлмира Бөрүбаева билдирди. Анын айтымында, Кыргызстан менен Өзбекстан аймагындагы Барак эксклавын байланыштырчу “Акташ” бекетин ачуу үчүн чек ара кызматынын башчысы Токон Мамытов коңшу өлкөнүн чек ара кызматынын башчысы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Азырынча эки тарап бир жыйынтыкка келе элек.

Муну менен катар эле Барак айылынын тургундарын Кыргызстанга өтүү тартибин жеңилдетүү үчүн эки өлкө ортосундагы “Достук” өткөрмө пунктундагы эрежелерди жөнөкөйлөтүү аракети көрүлүп жатат.

Өткөн айдын башында Баткендин Чарбак айылынын тургундары менен Өзбекстандын Сох анклавындагы Хушяр айылынын жашоочуларынын ортосунда чыр чыккан. Хушаярлыктар кыргыз айылына кирип келип, 30 адамды барымтага алып, бир канча унааларды талкалаган. Кийинчерээк өзбек тарап келтирилген чыгымды төлөп берүүгө макул болгон. Анклавдын айланасындагы жолдор убактылуу жабылып, 1-февралда ачылган. Ал эми Өзбекстандын аймагындагы Барак эксклавын Кыргызстан менен туташтырчу “Достук” өткөрмө пункту ачылган. Бирок барактыктар үчүн Кыргызстанга келип-кетүүгө ыңгайлуу болгон “Акташ” бекети жабык бойдон калууда.(BkA)

XS
SM
MD
LG