Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:06

Киев соту Тимошенкону “сотту урматтабаганы” үчүн айып пулга жыкты


Бүгүнкү чечиминде Киевдеги Печера райондук соту өлкөнүн мурдагы премьер-министри Юлия Тимошенкого 16 жыл мурда депутаттын өлтүрүлүшү боюнча сот отурумуна катышпай койгону үчүн эки миң доллар айып пул салды. Өткөн айда Украинанын башкы прокуратурасы экс-премьерди 1996-жылы киши колдуу болгон депутат Евгений Щербандын өлтүрүлүшүнө катыштыгы болгон деп шектелип жатканын жарыялаган. Премьер болуп турган чакта “өлкөнүн кызыкчылыгына каршы келген келишимдерди жактырган” деп айыпталып, жети жылга түрмөгө кесилген Тимошенко депутаттын өлтүрүлүшү боюнча соңку айыпты четке каккан. Кечээ Тимошенкого каршы “салыктан качкан” деген айып боюнча башка сот отуруму болмок, ага да экс-премьер келбей койду. Ал өзүнө тагылган бардык айыптарды “саясий максатты көздөйт” деп атап жүрөт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG