Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:31

Депутат таштанды ымыркайлар маселесин чечүүнү козгоду


Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында “Ар-намыс” фракциясынын депутат Дастан Бекешев жаңы төрөлгөн балдарды таштап кеткен учурлар көбөйүп жатканын билдирди. Кыргыз өкмөтү өзү, же болбосо эл арарлык уюмдардын колдоосу менен бул маселени иликтеп, чечүү жолдорун тез арада сунушташы керектигин билдирди. Депутат бул жааттта чет өлкөлөрдөгү тажрыйбаларды кароо зарылдыгын, мисалы айрым мамлекеттерде балдарды таштап кете турган атайын кутулар болоорун, мындай кадамга барган энелер кылмыш жообуна тартылбасын айтты.

Жакында эле Бишкекте жаңы төрөлгөн баласын дааратканага салып жиберген эненин окуясы коомчулукта чоң талкуу жараткан болчу. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG