Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:35

Жалал-Абадда “Юг-транс” ишканасынын башчысы эки айга камалды


Облустук-соттук коллегия “Юг-транс” ишканасынын жетекчиси Немат Сыдыковду айыптуу деп тапты. Ага кызмат абалынан кыянат пайдаланган, мыйзамсыз ишкерлик кылган, бюджеттик каражаттарды ыксыз иштеткен деген кинелер коюлган. Буга байланыштуу кылмыш ишти карап, бүгүн өкүм чыгарган соттук коллегиянын төрагасы Амангелди Молдобаев айыпталуучу Немат Сыдыков 8-февралда үй камагына алган шаардык соттун чечимин жокко чыгаруу жана өзүн актоо өтүнүчү менен облустук сотко кайрылгандыгын билдирди.

“Юг-транс” ишканасы облустук бийликтин алдындагы аянтты кайра куруп жаткан. Немат Сыдыковдун 20дай тарапкери аны камактан бошотуу талабы менен бүгүн соттун алдында митинг өткөрүштү. (YA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG