Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:56

Бишкек: аялдарга карата зомбулукту азайтуу боюнча акция өтүүдө


Бишкекте Уркуя Салиеванын эстелигинин алдында аялдарга, кыздарга карата зомбулукту токтотууга чакырган иш-чара өтүп жатат. Акцияны Ви-Дей эл аралык жараянынын Бишкектеги өкүлчүлүгү уюштурууда. Аталган кампания зордук-зомбулук тууралуу коомчулукка маалымат берүү жана зомбулукка кабылган аялдарга жардам берген кризистик борборлорго материалдык колдоо көрсөтүү максатын көздөйт. Ви-Дейдин Бишкектеги өкүлдөрү кайрымдуулук өткөрүп, бул ирээт “Шанс” кризистик борборуна акча чогултуп бергени жатат. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG