Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:27

Пакистан лидерлери Талибан менен тынчтык сүйлөшүүсүн талкуулоодо


Исламабаддагы жыйынга Пакистандын саясий жана диний партияларынын 26сынын өкүлдөрү катышууда. Бирок Талибанга жантарткан эки партия: “Жамаат-е-Ислами” менен “Техрик - Инсааф” жыйынга келүүдөн баш тартты.

Пакистандын Хайбер Пахтункава провинциясынын маалымат министри Ифтикар Хуссеиндин “Азаттыктын” Пакистан кызматына айтканына караганда, конференциянын сунуштары президентке жана аскерий жетекчиликке берилет.

Өкмөт менен сүйлөшүүнү ушул айдын башында пакистандык талиптер өздөрү сунуш кылышкан. Мунун артынан секулярдык Авами улуттук партиясы конференциянын күн тартибин талкуулоо үчүн саясий күчтөрдү жыйын курууга чакырган. (UE)

XS
SM
MD
LG