Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:46

Кыргыз-тажик күч кызматтары аткезчиликке каршы биргелешип аракеттенет


14-февралда Баткен шаарында Тажикстандын Согди облусу менен Баткен облусунун финансы полициясы чек аралаш аймакта аткезчиликке каршы биргелешип аракеттенүү максатында жолугушуу өткөрдү. Мындай маалыматты өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн укук коргоо жана коргонуу бөлүмүнүн адиси Учкунбек Жоробаев «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында эки өлкөнүн чектешкен аймак жарандары чек арадан ар кандай жүктөрдү аткезчилик менен алып өтүүдө уюшкан топтор бар. Мындай мыйзамсыз соодага каршы турууда эки өлкөнүн кызматтары биргелешип, бир максатта аракеттенбесе жеңүү оор болот. Ошондуктан Кыргызстан менен Тажикстандын эки кызматы жолугушуу өткөрүп, жыйында кызматташуу багытында келишимдерге кол коюлду. Жыйынга өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Карамат Орозова да катышты. (JsA)

XS
SM
MD
LG