Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:58

Барактын ооруп калган тургундары “Ак-Таш” аркылуу өттү


Өзбекстандын аймагындагы Кыргызстандын эксклавынын медициналык жардамга муктаж 7 тургунуна өзбек тарап “Ак-Таш” өткөрмө бекети аркылуу өткөнгө уруксат берди. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти. Эми чукул медициналык жардамга муктаж, же зарыл иши чыккан Барактын тургундары кыргыз чек ара кызматынын жардамы менен “Ак-Таш” аркылуу өткөрүлүп турмакчы. Азыр аталган бекетти ачуу тууралуу кыргыз-өзбек чек арачылары сүйлөшүп жатат. Эки тараптын чек арачыларынын макулдашуусуна ылайык, барактыктар “Достук” аркылуу тоскоолдуксуз каттай алат. (EBM)

XS
SM
MD
LG