Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:14

Баткендеги Шамбысай алтын кени 2014-жылы иштетиле баштайт


Баткендеги Шамбысай алтын кенин 2014-жылдын башынан тарта австралиялык Manas Resources Limited аттуу компания иштете баштайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөт алдындагы Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктен кабарлашты. Маалыматка ылайык, Кадамжай районунда жайгашкан алтын кенди иштетүү үчүн лицензияны австралиялык компания былтыр декабрда алган. Эми быйыл кенде керектүү курулуш иштери бүткөрүлүп, кен кийинки жылдан тарта казыла баштайт деп болжолдонууда.

Manas Resources Limited компаниясы 2004-жылдан тарта Шамбысай кенинде чалгындоо иштерин жүргүзүп келген. Анда болжол менен 3 тоннадан ашык алтын запасы бар деп эсептелген.

Өткөн жылы Шамбысайга жакын жайгашкан айылдардын тургундары аталган компания экологияны бузуп жатат деген доомат менен кенди иштетүүгө каршы чыгышкан. Бирок кенди иштете турган компания бир катар убадаларды берип, жергиликтүү тургундар менен тил табышканын билдирүүдө. (BkA)

XS
SM
MD
LG