Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:11

Ак үй алдында тосулган жолго байланыштуу арыздар сотко берилди


Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы 13-февралда “Ата Мекен” партиясынын тарапкерлеринин митинги маалында жолдун тосулушу боюнча түшкөн арыздарды сотко жөнөттү. Ага ылайык, Чүй көчөсүнүн бир катар жашоочулары митинг учурунда музыканын үнүн катуулатып, жолду тосуп, ыңгайсыздык жаралганына арызданган. Шаардагы эл ташыган унаалар боюнча мекеме жол буулушунан узун машине тыгыны пайда болуп, коомдук машинелер митинг бүткөнчө чейин күтүүгө аргасыз болгонун, мунун айынан 67 миң сомдой кирешеден куру калганын айтып даттанган.

Мунун алдында президент Алмазбек Атамбаев ички иштер министри Шамил Атахановго мындан ары жол тосууга жол бербөө үчүн конкреттүү чараларды көрүүнү тапшырган болчу. Ошондой эле Ак үйдүн алдында “атамекенчилердин” митингинде жол тоскондорго жана ага жол берген шаардык милиция кызматкерлерине жоопко тартууну буйруган.

Атамбаев 13-февралда жол тоскондорго жазаны катаалдатуу боюнча мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, мындан ары жолду бууп алгандарга айып пул салынат. (EBM)
XS
SM
MD
LG