Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:31

Жалал-Абадда 7-каналдын өзбек тилинде чыгышына каршы митинг өттү


Телеканалдын алдына топтолгон элүүдөй адам митинг өткөрүп, коогалаңдын чыгышына Мезон ТВ, Ош ТВ өндүү сыналгылар шыкакчы болгонун айтышты. Акцияны алып барган Абды Сүйөркулов атындагы коомдук уюмдун төрагасы Сарымсак Бекботоев 7-каналда өзбекче көрсөтүүлөрдү токтотуу үчүн 8 миң адамдын колун топтогонун билдирди. Митингдин катышуучулары кыргыз, өзбек эли котормосуз эле бирин бири түшүнөөрүн айтышып, берүүлөрдү өзбек тилинде эмес, мамлекеттик жана расмий тилде гана көрсөтүүнү талап кылышты.

Телеканалдын директору Алтынбек Жумаев өзбек тектүү жарандардын кайрылуусу боюнча кыргыз тилиндеги жаңылыктар ЮСАИДдин долбоору менен өзбек тилине которулуп берилерин, бирок анын качан чыгаары азырынча белгисиз экендигин билдирди. (YA)

XS
SM
MD
LG