Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:40

Тубаса кемтик төрөлгөн ымыркайлар көбөйүүдө


Бишкектеги Эне-баланы коргоо борборуна өткөн айда тубаса кемтик менен төрөлгөн 10 бала жаткырылып, алардын дээрлик баарына операция жасалды. Бул тууралуу аталган борбордун бөлүм башчысы Сагын Абдувалиева “Азаттыктагы” маегинде билдирди. Анын айтымында, былтыр борборго 46 бала түшкөн жана алардын 29у операция болгон.

Абдувалиева кош бойлуу энелер ден-соолугуна жетиштүү кам көрбөсө, тамеки чегүү, спирт ичимдиктерин ичүү өңдүү өнөкөттөрү болсо, баласы тубаса кемтик менен төрөлөрүн айтты. Айрыкча түйүлдүктүн алгачкы айларында өзгөчө сак болуу керектигин эскертти. (EBM)

XS
SM
MD
LG