Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:38

Депутат менен журналист араздашууда


Журналист Эрик Исраилов менен ЖК депутаты Турсунбай Бакир уулу.
Журналист Эрик Исраилов менен ЖК депутаты Турсунбай Бакир уулу.

Орус тилинде чыгуучу “Общественный рейтинг” гезитинин журналисти Эрик Исраилов ага Жогорку Кеңештин депутаты Турсунбай Бакир уулу кол көтөргөнүн билдирип чыкты.

Депутат менен журналисттин ортосундагы кайым айтышууга 4-февралда КСДП фракциясынан депутат Ирина Карамушкинанын комитет жыйынындагы “аскердеги көпчүлүк жоокерлер орусча билбейт” деген билдирүүсү себеп болгон. Турсунбай Бакир уулу кесиптешинин бул айтканын маалымат агенттиктеринин биринен көчүрүп алып, интернеттеги Фейсбуктагы баракчасына “жаман үйдү конок бийлейт” деген комментарий менен жайгаштырган.

Фейсбуктагы талкууда улутчулдук маселеси да көтөрүлгөн. “Общественный рейтинг” гезитинин журналисти Эрик Исраилов да талкууга кошулуп, Бакир уулунун өз кесиптешин “конок” дегенин сынга алган. Журналист менен депутаттын социалдык тармактагы кайым айтышуусунан кийин Бакир уулу журналистти “эркекче” сүйлөшүүгө чакырган. Бул маалыматты журналист Эрик Исраилов “Азаттыкка” тастыктап, туура бир жума мурда Турсунбай Бакир уулунун иш бөлмөсүндө болгон окуяны айтып берди:

- Мен эртеси күнү Ирина Карамушкина менен байланышып, интернетте жазылгандар улут аралык кастыкты козутууга тете экенин айттым. Буга реакция кылууну, балким парламенттин этика комитетине берүүнү сунуштадым. Карамушкина алгач Бакир уулуна кирип, анын пикирин билели деди. Биз барганыбызда конструктивдүү сүйлөшүү болгон жок. Ал кыйкыра баштады. Ирина Юрьевна бул сүйлөшүү пайдасыз экенин айтып, кетели деди. Мен чыгып баратып, “омбудсмен болбой калганыңыз жакшы болуптур” деп айттым. Эгер мурдагы, балким келечектеги омбудсмен элди улутуна карап бөлсө, анда адам укуктарын кантип коргойт? Анан ал мени ийинден кармап өзүнө тартканда сол жактагы диванга отуруп калдым. Ал жаныма келип, оң жак кулак тушка чаап жиберди.

Эми журналист Эрик Исраилов депутатты сотко бергени жатат. Ал окуяны бир жумадан кийин гана коомчулукка жарыя кылышын буга чейин бош убактысы болбогону, адвокаттар менен кеңешип жатканы менен түшүндүрдү.

Журналисттин айтканын депутат Ирина Карамушкина да “Азаттыкка” тастыктап, Бакир уулу журналистти чапкандан кийинки окуяны баяндап берди:

Ирина Карамушкина
Ирина Карамушкина
- Бул жерде Эрикти коргогонго туура келди. Мен Турсунбай Бакир уулун кармап турдум. Анткени Эрик дагы бир нерсе айтса, аны дагы уруп салаарын аңдадым. Анан мен Эрикти жетелеп, коридорго алып чыктым. Албетте ал “депутаттар суроого ушундай жооп береби” деп аябай апкаарып, кыжыры келди. Эрик Исраилов депутатка эч кандай жаман нерсе айтпаганын билдирип, эч кимди мазактаган жокмун деди. Ал депутатка жооп кайтарууга ниеттенди. Бирок мен “болбойт, ал сени отургузуп койот, анан соттошуп жүрөбүзбү” деп айттым.

Ирина Карамушкина бир жума ичинде Турсунбай Бакир уулу журналисттен кечирим сурайбы деп күткөнүн, Кыргызстанда депутат журналистке кол көтөргөн окуя алгач ирээт болуп жатканын белгиледи.

“Ар-намыс” фракциясынын депутаты Турсунбай Бакир уулу болсо окуя боюнча таптакыр башкача ойдо. Ал Ирина Карамушкинанын аскерлер тууралуу билдирүүсүн Фейсбуктагы баракчасына койгонун тастыктады. Ал Исраилов кыргыз элин кемсинтти деп эсептээрин, бирок ага кол көтөрбөгөнүн айтты. Ошондой эле бул окуянын бир жумадан кийин көтөрүлүп жатышын чагым деп сыпаттоодо. Депутаттын айтымында, бул сүйлөшүү 8-февралда түшкү саат 1:18де өзү жума намазга барарда болгон.

Турсунбай Бакир уулунун "Фейсбуктагы" комментарийи.
Турсунбай Бакир уулунун "Фейсбуктагы" комментарийи.
- Ал "Ирина Карамушкина конокпу, эмне үчүн андайды жазасыз" деди. Мен “аны тим эле кой, биз эки депутат сүйлөшүп алабыз, кыргыз аскери кыргызча сүйлөшү керек, бул маселе жабылды” дедим. "Дагы кандай сурооң бар" десем, ал кыргыз тил деп жаткандар “мырктар” дей баштаганда, "андай сөздү бул жерде айтпагын" дедим. Экинчиден, жума намазга кеч калып жатам, чыккыла деп чыгарсам, “омбудсменге өтпөй калганыңыз жакшы болуптур, эгерде сиз менин курагымда болсоңуз башкача сүйлөшөт элем” дейт. Таң калдым... Менин кабинетиме келип, мени коркутуп атса, кыргыздыгыма асылып жатса, анан кийин анын колунан тартып диванга отургузуп койдум. "Мага кандай дооматың бар" десем, айтпай чыгып кетишти.

- Демек сиздин колуңуз тийген жокпу?

- Мен акыркы жолу 1979-жылы аскерде мушташкам.

Депутат менен 30 жаштагы журналисттин ортосундагы бул окуяны “Медиа полиси институту” айыптап чыкты. Уюм өз билдирүүсүндө соңку окуя жалпы парламенттин беделине шек келтирет деп билдирди. Жогорку Кеңештин этика боюнча комитетинин төрайымы Айнуру Алтыбаева азырынча эч кимден кайрылуу түшпөгөнүн, андай арыз келсе, тараптарды угууга даярдыгын билдирди. Алтыбаева өз фракциялашы бул кадамга барбайт болчу деген пикирди карманды. Ал эми окуя боюнча гезит жетекчилиги билдирүү тарката элек.

“Общественный рейтинг“ гезити жумасына бир жолу чыгат жана күндө жаңылыктар коюлучу интернет сайты бар. Журналист Эрик Исраилов бул гезитте беш жылдан бери иштеп, азыр редактордун орун басары кызматын аркалайт. Ал өзүнүн улуту кыргыз экенин, бардык кыргыздарга акарат келтирбегенин “Азаттыкка” айтып, Бакир уулу чекилешүүгө алып келген Фейсбуктагы комментарийин өчүрүп салганын белгиледи. Бирок депутаттын жазганы дале Фейсбукта турганын, ал жерде талкуу алигиче уланып жатканын көрдүк.

XS
SM
MD
LG