Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:12

Борбор Азиялык таанымал жазуучулар «Азаттыкта» талкууга катышат


Акмухаммед Велсапар (Швеция), Рустем Жангожа (Казакстан) жана Хамид Исмаилов (Лондон) Парижде. 15.02.2013

Акмухаммед Велсапар (Швеция), Рустем Жангожа (Казакстан) жана Хамид Исмаилов (Лондон) Парижде. 15.02.2013

Бүгүн Бишкек убактысы боюнча саат 2де Британияда жашаган өзбекстандык жазуучу Хамид Исмаилов, Швецияда жашаган түркмөн жазуучусу Акмухаммед Велсапар жана кыргызстандык Талип Ибрагимов менен "Азаттыктын" кабарчысы Жаңыл Жусупжан Париж шаарында талкуу өткөрөт. Бул талкуу лайв-режимде "Азаттыктын" орус тилинде чыккан интернет сайтында көрсөтүлөт. Окурмандар таанымал адабиятчыларга өз суроолорун талкуу маалында узата алышат. Ал үчүн www.rus.azattyk.kg сайтына баш багыңыз.

“Русофониянын” быйылкы иш-чаралары Борбор Азиянын адабиятына арналууда. Чыгарманы орус тилинен французча эң мыкты которгон адамга сыйлык бүгүн тапшырылат. Борбор Азиядан айрым тасмалар да көрсөтүлөт.

Уюштуруучулардын айтымында, фестивалдын урматына басылган “Орус адабияты” ("Lettres Russes") альманахынын быйылкы чыгарылышы толугу менен Кыргызстанга арналган. Андан сырткары, Талип Ибрагимовдун француз жана орус тилдерине которулган “Периште” чыгармасынын бет ачаары да ушул күндөргө белгиленген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG