Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:52

Казакстанга газ үчүн карыз 2,3 миллион долларга азайды


Энергетика жана өнөр жай министрлигинен “Азаттыкка” маалымдашкандай, айрым мамлекеттик мекемелер газга болгон карызын жойо баштады. Чогулган акчалар “Казтрансгазга” которулду.

15-февралга карата “Кыргызгаздын” Казакстанга бересеси 4,5 миллион долларды түздү. Мамлекеттик мекемелерге, өнөр жай ишканаларга газ үчүн карызды тезирээк жоюу боюнча эскертүү берилди.

“Кыргызгаздын” жетекчи орун басары Куралбек Наскеев Казакстан Кыргызстандын карызды бөлүп-бөлүп төлөө сунушуна макул болгонун, газды чектебей турганын "Азаттыкка" айткан.

Өткөн аптада расмий Астана “Кыргызгаз" 12-февралга чейин карызын төлөбөсө, газ чектелерин эскерткен болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG