Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:11

Баалуу таш аткезчилиги боюнча ишти Жогорку Сот карайт


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет баалуу таш аткезчилиги тууралуу шаардык соттун өкүмүн жокко чыгаруу боюнча Жогорку Сотко өтүнүч жөнөттү. Атайын кызматтан кабарлашкандай, былтыр апрель айында Казакстандан ун деп жымсалдап алынып келген 16 тоннадан ашык, баасы 7 миллион сом деп бааланган нефрит баалуу ташы кармалган.

Биринчи май райондук соту бул иш боюнча кармалган казак жаранына 200 миң сом айып салып, контрабанданы ээсине кайтарып берүү боюнча өкүм чыгарган. Кийинчерээк шаардык сот райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. УКМК мындай чечимге макул болбой Жогорку Сотко кайрылды жана бул иш март айында каралмакчы. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG